Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Саакашвили: Грузия менен Украина бийлиги мага каршы кутум уюштурууда


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили аталган эки өлкөнүн бийлиги өзүнө каршы кутум уюштурду деп айтып чыкты. Анын билдиришинче, эки өлкө бийлиги Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деп өзүн айыптоо үчүн биригишти.

"Грузин бийлиги Украина менен бирге мага карата Грузиядагы мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деген жаңы айыпты даярдашууда. Алар Порошенкого айыпты 10-сентябрга чейин коюуну убада беришкен" деп жазды Саакашвили "Фейсбуктагы" баракчасына.

Саакашвили "украин президенти менен Башкы прокуратурага украин чек арасынан өткөндөн кийин мени кармоо үчүн юридикалык негиз керек, Мамлекеттик төңкөрүш аракети - бул күлкүнү келтирген нагыз саясий берене" деп белгиледи.

26-августта грузиялык "Рустави 2" телекомпанясынын башкы директору Ника Гварамия Михаил Саакашвилиге мекенинде бийликти басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG