Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, башы жок сөөктү 27-августта Социалдык университеттин маңдайындагы таштандыдан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таап алышкан.
Ал болжол менен 40-50 жаштагы аял киши болгон, анын буттарын да жиликтөө аракети көрүлгөн.
Шаардык милиция үрөй учурган окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, маркумдун башын жана бул кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.