Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:15

Save the Children: Сириянын Раккасында балдар азап тарткан


Раккадан качып чыгып, азыр качкындар үчүн лагерде жашаган балдардын бири. 22-августта тартылган сүрөт.

Бул тууралуу АКШда жайгашкан Save the Children кайрымдуулук уюму билдирүүдө.

Уюм өз билдирүүсүндө белгилегендей, Сириянын 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” террордук тобунун көзөмөлүндө турган Ракка шаарынан качып чыккан балдар экстремисттердин башкаруусу астында жашоонун азабын тартышкан”.

Save the Children уюму ошондой эле азыр Сириянын АКШ колдогон араб жана күрт согушкерлеринин курчоосунда турган Ракка шаарын бомбалоо өнөктүгү жаштардын “азабын” күчөткөнүн да кошумчалайт.

Сириялык күрт жана араб согушкерлеринин альянсы азыр АКШнын абадан колдоосу астында Раккага жыйынтык чабуулга даярданып жатат.

Ошол эле кезде маалыматтарга караганда, 20 миңдей адам, мунун ичинде жарымы балдар “Ислам мамлекети” тобунун Раккадагы экстремисттеринин тилкеси ичинде камалып калды. ИМ тобу Ракканы 2014-жылы өзүнүн Сириядагы борбору деп жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG