Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:53

Бул - Орусия президентинин Евробиримдикке жана НАТОго мүчө өлкөлөргө быйылкы жылдагы экинчи сапары.

Кремлдин билдиргенине караганда, Путин Будапештте дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышат жана венгер премьер-министри Виктор Орбан менен “жумушчу сүйлөшүүлөрдү” өткөрөт.

Дзюдодон кара куру бар Путин азыр спорттун бул түрү боюнча Эл аралык федерациянын ардактуу президенти.

Будапешттеги сапары учурунда Путинге Венгриянын жалгыз АЭСин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Дебрецен университети "ардактуу атуул" наамын ыйгарат.

Будапешттен 130 чакырым аралыкта жайгашкан Пакш атомдук-электр станцияны кеңейтүү үчүн Орусиядан 10 миллиард евро насыя алуу келишимине венгер премьери Орбан 2014-жылы Москвага жасаган сапары учурунда кол койгон. Ал эми Путин азыркы визитинде Орусиянын Евробиримдиктеги эң жакынкы өнөктөшү саналган Венгрия бийлиги менен алака-катышты чыңдоону да көздөмөкчү.

Орусия президентинин сапарына жана премьер-министр Орбандын Путин менен абдан жакындашуусуна Венгриянын оппозициялык партиялары нааразылык жана тынчсыздануу билдирүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG