Чүйдө террорчуларды жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Аны Улуттук коопсуздук комитети уюштурганын “Азаттык” радиосуна мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Сулаймановдун айтымында, операция жыйынтыкталды. Анын чоо-жайы тууралуу азырынча кошумча маалымат бериле элек.
Интернеттеги социалдык түйүн колдонуучуларынын жазышынча, иш-чара Жайыл райнонунда өттү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет август айында эле эл аралык террордук уюмдарга тиешеси бар деп он чакты кишини кармады. Алардын экөө чет элдик жарандар. (RK)