Кошмо Штаттар Тоолуу Карабак жаңжалын жайгаруу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму негиздеген сүйлөшүү тобунун теңтөрагасы катары Эндрю Шоферди дайындады. Бул тууралуу 28-августта Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт билдирди.
- Кошмо Штаттар мурдагыдай эле эл аралык укукка незиделген, аймактык бүтүндүк жана курал колдонбоо боюнча принциптерин сактаган адилеттүү сүйлөшүүлөрдү колдойт, - деди Нойерт.
Жаңжалды жөндөө боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөр акыркы 25 жылда эч кандай жыйынтык бербей келет.
Азербайжандын бир бөлүгү, негизинен армян улутундагылар байырлаган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер 90-жылдардын башындагы согуш учурунда ээлеп алган.
Анда кеминде 30 миңдей адамдын өмүрү кыйлып, жаңжалды жөнгө салуу боюнча акыркы 25 жыл ичиндеги аракеттер олуттуу натыйжа бере элек.