Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Салянованын сотунда материалдарды изилдөө соңуна чыгып баратат


Салянова сот залында. 29.05.2017
Салянова сот залында. 29.05.2017

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сотунда материалдар менен таанышып, изилдөө этабы соңуна чыгып баратат. Андан кийин тараптардын жарыш сөзү болуп, өкүм чыгат. Кийинки отурум 4-сентябрга белгиленди.

Бугүн Салянованын соту ал “эмгекке жарамсыздык баракчасынын” негизинде баласын карап, үйдө отурганына карабастан уланды.

Депутаттын эки жашар кызы ооруп жатканы кечээ белгилүү болгон. Адвокаттар ал сот отурумуна катыша албасын айтышкан. Бирок прокурорлор аны мажбурлап алып келүү керектигин айтып, судья бул өтүнүчтү канааттандырган.

Бүгүн Салянова судьянын бул чечими мыйзамсыз болгонун айтып, сотту создуктуруу аракетин көрүп жатат деген айыптоолорду четке какты:

- Эгерде ошончолук эле оюм бузулуп, процессти создуктургум келсе мен “эмгекке жарамсыздык баракчасын” азыр ачтырбайт болчумун, себеби алдыда төрт күн дем алыш турат. Өткөн аптада улуу кызым температурасы 39.2 болуп жатты, өзүм бир нече жолу бул жакка дене табым жогору келип жаттым.

Депутат өзү жана анын адвокаттары "эмгекке жарамсыздык баракчасы" сот отурумун башка күнгө которууга уруксат берерин айтышты.

Бирок прокуратуна өкүлү бул өтүнүчкө каршы чыкты, натыйжада сот уланмай болду.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG