Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:51

Ош шаарында өлкөнүн эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чаралар бүгүн улут аралык нике той менен коштолду.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, кыргыз жигити, 31 жаштагы Азатбек Бөкөнов менен өзбек кызы Манзура Козубаева баш кошуп, аларды шаар жетекчилиги келип куттуктады.

Нике той улут аралык "Ыр кесе" менен коштолду.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында эки улут ортосунда тутанган жаңжал 400дөн ашуун өмүрдү алып кеткен. Ошондон бери эл аралык жана жергиликтүү уюм-мекемелердин аракети менен улут аралык тынчтыкты бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет. (YI/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG