Брюсселде жолуккан Сербия менен Косовонун лидерлери мамилени жакшыртууга багытталган негизги келишимди ишке ашыруу үчүн акыркы кадамдарды макулдашты. Бул тууралуу Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинин кеңсеси эки өлкө лидеринин 31-августтагы кездешүүсүнөн кийин билдирди. Келишимге ылайык, Косовонун түндүгүндөгү сербдер басымдуулук кылган аймактын соттору өлкөнүн сот системасына кошулат.
Сербия президенти Александр Вучич менен Косовонун лидери Хашим Тачи буга чейин июль айында кездешип, Белград менен Пристинанын мамилесин оңдоо үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы фазасын баштоо чечимине келишкен.
Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөнүн 114 өлкөсү тааныганы менен расмий Белград таануудан баш тарткан.