Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:30

МАГАТЭ Ирандын аскерий жайларын текшерүүгө укуктуу деп билдирди


Юкио Амано

БУУнун Атомдук энергетика боюнча Эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Ирандын "текшерүүчүлөрдү кабыл албайбыз" деген билдирүүсүн четке какты. Ошол эле маалда андай муктаждык азырынча жок деп кошумчалады.

Инспекторлор Тегерандын ядролук келишимди кандай аткарып жатканын текшерип турушмакчы.

Агенттиктин жетекчиси Юкио Амано Ассошиэйтед Пресске берген интервьюсунда Тегеран аскерий базаларында тыюу салынган ишмердикке жол берүүдө деген шек пайда болсо, текшерүүчүлөр ал жайларга кое берилиши керек деди.

МАГАТЭ келишимге ылайык аскерий же жарандык болобу, бардык объекттерге киргизилүүгө тийиш, - деп белгиледи Амано. Ошол эле маалда агенттиктин атын атабаган расмий өкүлү "Иран тыюу салынган ишмердикти жүргүзүүдө дегенге негиз болбогондуктан, ушу тапта инспекторлорду аскерий жайларга жөнөтүү пландары жок" деп Рейтерге билдирди.

31-августта чыккан үч айдагы отчетунда МАГАТЭ Иран милдеттенмелерин аткарып жатканын жазган. Мындан эки жыл мурда жетишилген ядролук келишим боюнча Тегеран уран байытууну чектеши керек, Батыш болсо санкциялардын айрымдарын бара-бара алып салат.

XS
SM
MD
LG