Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Илим: Секешфехервар шаарындагы ПИАКтын 60-отуруму Бишкекке чакырык менен жыйынтыкталды

Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген алтай таануучулардын Мажарстандын Секешфехервар шаарындагы шеринеси 31-августта соңуна чыкты. Жыйында 2018-жылы жайында 61-жылдык отурумду Кыргызстанда өткөрүү сунушу кабыл алынды.

31-августта Мажарстандын Секешфехервар шаарында Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 60-отуруму соңуна чыкты.
ПИАКтын быйылкы отурумунун жалпы темасы – “Символдорго жуурулган идеялар – жазмаларга сыйдырылган тилдер” деп аталды. Анда 47 илимий баяндама жасалды жана талкуулар өтүп жатты.
Будапешттеги Кароли Гашпар (Károlyi Gáspár) атындагы университеттин Чыгыш тилдери жана маданияты институту Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIACтын) быйылкы отурумунун конок ээси болду.
Жыйында келээрки, 61-жылдык отурумду Кыргызстанда өткөрүү тууралуу сунуш шаттануу менен кабыл алынды. Бул сунушту Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, философия илимдеринин кандидаты Мира Карыбаева видео тасмаларды көрсөтүү аркылуу маалымдады.
“Мурас” фондунун башчысы Кыяс Молдокасымов, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Сынару Алымкулова, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин да илимпоздор менен баарлашып, болочокку илимий шерине маселелери тууралуу айтып беришти.
Алдыдагы беш жылдык мөөнөткө ПИАКтын Башкы катчысы кызматына германиялык түрколог, чыгыш таануучу, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле бир добуштан кайра шайланды.
Профессор Келлнер-Хайнкеле быйылкы отурумдун президенти, мажарстандык доктор Акош Берталан Апатоцки мырзага жана жалпы мажар конок ээлерине меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG