Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:48

АКШ башында турганы антитеррордук каолициянын соккуларынан 2014-жылдан бери Сирия жана Ирактагы 685 жөн-жай адам ажал тапты. Бул тууралуу жума күнү жарыяланган баяндамада айтылат. Маалыматка ылайык, быйыл июлдан тарта коалициянын аскердик операцияларынын жүрүшүндө 60 адам капысынан каза болгон.

Америкалык аскерлер дагы коалициянын соккуларынан каза болду делген 455 адамдын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө.

АКШ башында турган антитеррордук коалиция Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы операцияларды жүргүзүп жатат. Коалиция террорчулар ээлеген аймактарга асмандан сокку уруп келишет.

БУУ жана башка эл аралык уюмдар бул аймактагы бейажал каза болгон карапайым адамдардын өлүмү үчүн жоопкерчилкти жаңжалга катышып жаткан бардык тараптарга жүктөп келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG