Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:45

Онкология борборун оңдоо үчүн 70 миллион сом бөлүндү


Алмазбек Атамбаевдин Улуттук Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө барган учуру. 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Улуттук Онкология жана гематология борборунун имаратын оңдоону бүткөрүү үчүн 70 миллион сом бөлдү. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү каражат өлкө башчысынын фондунан бөлүнмөкчү.

Улуттук онкология борборунун имараттары 50 жыл мурда курулган. Учурда анын имаратынын эскилиги жетип, заманбап медициналык жабдыктар жок экени айтылып келген.

Былтыртан баштап бул борбордун имаратын оңдоо иштери башталган.

Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам түрдүү онкологиялык оорулар менен дарыгерлердин каттоосунда турат.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG