Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:36

Кара-Суудагы шайлоодо журналисттерге байланыштуу чырды иликтөө боюнча БШКдан Ички иштер министрлигине кат жолдонду.

БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова министрге арыз түрүндө кайрылганын, ошондой эле жагдайды териштирүүнү жергиликтүү шайлоо комиссиясына да тапшырганын “Азаттык” радиосуна маалымдады.

3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болгонун кабарлашкан. Маалыматка ылайык, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет кылышкан. Журналисттер ал жактагы №5266 шайлоо участкасындагы добуш берүү жараянын тартып жүрүшкөндө тоскоолдукка кабылышканын айтып жатышат.

Атыр Абдрахматова менен маекти бул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG