Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:30

АКШ Улуттар Уюмун Түндүк Кореяга карата кескин чара көрүүгө чакырды


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли

Бул тууралуу АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Элчинин сөзү боюнча, "өзөктүк держава болуу - бул коркунучтуу куралды башкаларды коркутуу үчүн пайдаланууга укук бербейт".

- Ким Чен Ындын суутек бомбалары орнотулган ракеталарды учуруп жатканы ал согушту көксөп жатканын ачыктап турат. АКШ согушту каалабайт, бирок биз өзүбүздүн аймакты жана союздаштарыбызды коргойбуз.

Ал ошондой эле Орусия менен Кытайдын сунушун суу кечпес деп атады. Булар Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу үчүн АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгууларын токтотуусун сунуш кылышкан болчу.

АКШнын БУУдагы элчиси "бул кризистен чыгуу үчүн дипломаттык жол түгөндү, эми бул жерде, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде күчтүү жана кескин чараларды кабыл алуу зарыд. Күчтүү санкциялар гана бул маселени дипломаттык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берет" деп билдирди.

Пхеньян 3-сентябрда суутек бомбасын сыноо ийгиликтүү өткөнүн маалымдаган. Түндүк Кореянын бул кадамын көптөгөн өлкөлөр сынга алышты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG