Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Кыргызстандагы Бахаи диний жамааты


Кыргызстандагы бахаи жамаатынын борбору.
Кыргызстандагы бахаи жамаатынын борбору.

Кыргызстанда бахаи динин тутунган миңге чукул киши бар. Бишкектеги Бахаи жамаатынын өкүлдөрү Нургүл Жанузакова менен Шоиста Равшанова "Азаттыкка" өз ишенимдери тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Нургүл айым, алгач бахаи дининин тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз. Качан, кандайча пайда болгон?

Нургул Жанузакова: Бахаи дини Иранда пайда болгон. Бахаулла 1817-жылы Ирандын Тегеран шаарында туулган. 1817-жылы туулгандыктан быйыл биз Бахаулланын 200 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү 7 миллионго жакын бахаилер ушул чоң майрамга даярданып жаткан чагыбыз. Бул майрам Кыргызстанда Борбордук Азиядагы Америка Университетинде өтмөкчү.

Бул мааракеге өзүбүздүн досторубуз, сыйлуу конокторубуз келет. Биз менен катташып турган, биз менен жакшы мамиледе болгон бардык адамдарды, ар түрдүү диндердин өкүлдөрүн чакырабыз.

Нургүл Жанузакова.
Нургүл Жанузакова.

"Азаттык": Сиздердин ишенимиңиздер боюнча Бахаулла ким? Кудайбы? Же кудайдын баласыбы? Пайгамбарбы?

Нургул Жанузакова: Бахаулла кичине кезинде эле андан улуулуктун белгилери сезилген. Ал мектепке барбаса да өзгөчө билимге ээ болгон. Ал нарктуу, бай үй-бүлөдө туулган. Ага падышанын сарайында жогорку кызматты сунушташса да, ал андан баш тартып өзүнүн өмүрүн адамзатка арнаган.

Цивилизация өнүккөн сайын кудай таала адам баласына пайгамбарларды жиберип турат эмеспи. Биз Бахаулланы адамзатка келген акыркы элчи деп ишенебиз. Андан кийин да пайгамбар келиши мүмкүн экенин четке какпайбыз.

"Азаттык": Кыргызстанда, Борбордук Азияда бахаилер качан пайда болгон?

Нургул Жанузакова: Жалпы эле постсоветтик чөлкөмгө бахаи дини Советтер Союзу кулагандан кийин келген. 1992-жылы эле диний уюм катары каттоодон өткөн. Бахаи дини бул чөлкөмдө Американын Мичиган шаарынан келген Сапафор деген киши аркылуу жайылган. Ал Михаил Горбачевдун жеке дарыгери болгон. Бахаилер Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Кочкор, Каракол, Балыкчы шаарларында расмий каттоодон өткөн бахаи жамааттары бар. Юридикалык жак катары Адилет министрлигинен каттоодон өткөнбүз. Биз мыйзамдарды бузбайбыз жана бахаи жамааты аябай тартиптүү деп айтсам жаңылышпайм. Кыргызстандагы башка диний жамааттар, башка диндин өкүлдөрү менен мамилебиз жакшы деп айта алам. Кыргызстанда бахаи динин тутунган миңге чукул киши бар. Алар ар түрдүү улуттун өкүлдөрү болуп эсептелишет.

"Азаттык": Сиздердин жамаат өзүн-өзү кандайча камсыз кылат? Кандай кыйынчылыктарга дуушар болуудасыздар?

Нургул Жанузакова: Бизде кыйынчылыктар жокко эсе деп айтсам болот. Кыйынчылыктарды көрбөгөнгө аракет кылабыз. Өзү ар бир бахаи фондго акча бергенге милдеттүү. Төлөмдөрдөн сырткары майрамдарда да акча чогултулат. Бахаимин деген адам гана фондго акча таштайт. Бахаи болбогондор акча бере алышпайт. Биз мамлекеттен же болбосо башка кайрымдуулук фонддордон жардам албайбыз. Себеби алар бахаи болуп эсептелинбейт.

"Азаттык": Шоиста айым, эми маекти сиз менен улантсак. Азыр биз отурган ушул кеңсеңиздер, борборуңуздар жөнүндө айтып берсеңиз. Бул имарат кандай мааниге ээ? Качан, ким тарабынан курулган?

Шоиста Равшанова: Дүйнө жүзүндөгү ар бир бахаи жамааты өзүнүн кеңсесине ээ. Өнүккөн өлкөлөрдө жана бахаи динин тутунган адамдар көп жашаган мамлекеттерде сыйынуу жайлары, храмдар салынат. Биз отурган бул кеңсе болсо, улуттук офис, Бахаи борбору болуп эсептелет. Аймактарда да кеңселерибиз бар. Бул улуттук борборубуз 1992-жылга чейин кадимки эле үй болгон. Бул жерди сатып алып, жасалгалап, бөлмөлөрдү көбөйттүк. Мындан ары да бул жердеги шарттарды жакшыртуу пландарыбыз бар.

Шоиста Равшанова.
Шоиста Равшанова.

"Азаттык": Сиз өзүңүз качан бахаи динин кабыл алгансыз?

Шоиста Равшанова: Мен 2000-жылы Тажикстанда бул динге өткөнмүн. Бардык постсоветтик өлкөлөрдөй эле Тажикстанда да бахаи дини каттоодон өткөн. Андан соң бул ишенимди жолдогондордун саны өстү. Өзү биздин ишеним боюнча ар ким окуп, изилдеп, тактап, анан бул динди кабыл алат. Жөндөн-жөн эле келип бахаи болушпайт. Бул ишенимде дин менен илимдин айкалышына маани берилет. Мисалы мен бахаи ишеними аркылуу Куран, Инжил жөнүндө көп нерсе үйрөнүүдөмүн. Бардык диндердин түбү бир, бардык нерсенин негизинде сүйүү, мээрим жатат.

"Азаттык": Бахаи динин кармангандарга көптөгөн мусулмандар адашкандар деп эсептесе, кээ бирлер динин саткандар катары карашат эмеспи. Өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн коркпойсуздарбы?

Шоиста Равшанова: Жок, кооптондурбайт. Мен жазуучумун, акынмын жана менин бул жерде көп досум, таанышым бар. Алар менин кайсыл динди тутунаарымды жакшы билишет жана менин тандоомду сыйлашат. Мен да аларды сыйлам. Билесизби, ар нерсе адамдын өзүнөн көз каранды. Мисалы, мен бул жердин маданиятын, тарыхын, салт-санаасын үйрөнгөнгө, кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылам.

Бирок мени түндүк-түштүк болуп бөлүнүү кооптондурат. Бул аябай жаман нерсе. Мындай нерсенин айынан Тажикстанда согуш болбоду беле. Ошол жылдары мен Тажикстанда жашап, ошонун баарына күбө болгонмун. Негизи бардык нерсе билбестиктен, маалыматтын аздыгынан келип чыгат. Ошол себептен адамдар тез ачууланышат, агрессияга алдырышат.

Бахаи коомунун китептери.
Бахаи коомунун китептери.

Биз болсо толеранттуу болууга аракет кылабыз жана башкаларды да ушул нерсеге үндөп келебиз. Бахаи жамааты катары биз Кыргызстандагы Диндер аралык кеңештин иш-чараларына активдүү катышабыз, башка диндин өкүлдөрү менен тыгыз байланыштабыз.

Мыйзамды сыйлайбыз жана коомдун өнүгүшүнө адеп-ахлакты жакшыртуу аркылуу салым кошууга аракет жасап келебиз.

"Азаттык": Кыргызстандын жарандыгын алыпсыз. Бул жакка жайгашып калууңузга эмне түрткү болду? Бахаи ишениминин айынан Кыргызстанга келип калдыңызбы?

Шоиста Равшанова: Бир мезгилде Австрияда жашачубуз. Бир жолу Ысык-Көлгө эс алганы келгенибизде мага "Манас" эпосун белекке беришти. Мен ал китепти жакшылап окуп чыгууну, өздөштүрүүнү кааладым. Андан соң жазуучу Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиев менен тааныштым. Мага Чыңгыз Айтматов бул жерде 3-4 жыл жашап көр деп сунуштады, ал эми Мар Байжиев болсо, Кыргызстандан кетпе деп айтты. Алар менин бахаи экенимди билишчү. Керек болсо Чыңгыз Айтматов “Бир бахаи менен жолугушуу” деген китеп жазган.

Ошентип биз бул жерде бир жылга калууну чечтик. Мен ал учурда кыргыз элинин маданияты, каада-салты жөнүндө роман жаздым. Бирок андан кийин эки жыл, үч жыл деп атып Кыргызстанда калып кеттик. Бул жак аябай жакты бизге. Үч кызым университетти бүттү, аларды турмушка бердим. Биз бул жерде өзүбүздү таптык деп айтсам болот.

Бахаи китептеринин бири.
Бахаи китептеринин бири.

"Азаттык": Бул борбордо кандай кызматты аткарасыз?

Шоиста Равшанова: Мен бул жерде болгону жамааттын бир мүчөсүмүн. Бизде кызмат, орун деген нерсе жок. Баарыбыз теңбиз. Бул борбордогу жумушту аткарыш үчүн жыл сайын арабыздан тогуз кишини тандап коёбуз. Алар ушул жердеги уюштуруу иштерин аткарышат. Бул жерде эч ким эч кимди башкарбайт. Биз эч кимди сындабайбыз жана бардык нерсени жакшылыктын жышааны деп карайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG