Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 09:00

БУУ: Сирия режими 20дан ашуун жолу химиялык курал колдонгон


Хан-Шейхунда болгон химиялык жардыруудан жабыркагандар, 4.04. 2017

Сириядагы химиялык чабуулдарды иликтеген БУУнун комиссиясы 6-сентябрда билдиргендей, Башар Асаддын режими 27 жолу уулуу заттарды карапайым адамдарга каршы колдонгон. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Хан-Шейхун шаарында 80 тургун зарин газы бар снаряддар жарылганда каза тапкан. Дамаск болсо авиаоперация маалында бомба козголоңчулардын химиялык снаряддарды сактаган кампасына түшкөнүн билдирген.

Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура жарандык согушта эч ким жеңбегенин айткан. Эл аралык өкүл Сириядагы куралдуу жаңжал дээрлик соңуна чыгып калганын белгилеп, Башар Асаддын бийлиги чыныгы саясий процессти баштоого, оппозиция биригип, режимди жеңгенин көрсөтүүгө даярбы деген маселени койгон.

5-сентябрда “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңген Асаддын өкмөттүк күчтөрү жана алардын өнөктөштөрү Сириядагы кара май казуунун борбору саналган Дейр-аз-Зор шаарына ачылган жолду бекемдөөгө аракеттенип жатышканы маалымдалган.

Террордук топтун Сириядагы акыркы таянычы – Ракка шаарын козголоңчул күрт кошуундары АКШ башында турган эл аралык коалициянын жардамы менен алууга камынууда.

Сириядагы алты жылдан ашкан согушта Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча 450 миңден ашуун киши өлүп, миллиондогон тургундар бозгунга айланды.

XS
SM
MD
LG