Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Текебаев менен Чотоновдун сотунда жаңы күбөлөр көрсөтмө бере баштайт


5-сентябрдагы соттук териштирүүдө Текебаевдин жактоочулары райондук сотто суралбай калган 19 күбөнүн көрсөтмө берүүсүн соттон суранышкан. Соттук коллегия өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, “Мегакомдун” мурдагы башкы директору, азыр камакта отурган Азамат Мурзалиевден башка 18 күбөнүн көрсөтмө берүүсүнө макул болгон. Алардын алгачкылары 6-сентябрда Бишкек шаардык сотунда көрсөтмө беришет.

Кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатканда судья Айбек Эрнис уулу аталган күбөлөрдү чакыруудан баш тарткан болчу. Айыпталуучулар болсо күбөлор толук суралганда гана чындык билинерин айтып келишет.

16-августта Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаев менен Чотоновду коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Мамлекеттик айыптоочулар болсо Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга кесүүнү өтүнүшкөн. Райсоттун чечимине ылайык, саясатчылардын жаза мөөнөтү мунапыска ылайык үчтөн бирге кыскарып, убактылуу кармоочу жайдагы күндөрү эселеп эсептелип 4,5 жылга кыскарган.

Сот чечимине нааразы болгон тараптар Бишкек шаар сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышып, иш шаардык сотто 5-сентябрдан тарта каралууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG