Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:28

Жапония жана Түштүк Корея Орусияны Пхеньянга каршы катаал санкцияны колдоого чакырды


Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин жана Орусия президенти Владимир Путин Владивостокто. 6-сентябрь, 2017-жыл.

Бул эки өлкөнүн лидерлери Синзо Абэ менен Мун Чжэ Ин мындай чакырыкты 6-сентябрь күнү Владивосток шаарында орус президенти Владимир Путин менен жеке жолуккан учурунда жасашкан, бирок ага Путин макул болгон эмес.

Эми расмий Сеулдун билдиргенине караганда, Абэ жана Мун Улуттар уюмунда Пхеньянга каршы катаал санкцияга жетишүүдө жана Кытай менен Орусияны буга ынандыруу үчүн аракеттенүүдө кызматташууну макулдашты.

БУУнун Коопсуздук кеңешине долбоорун АКШ киргизген санкцияга ылайык, Түндүк Кореянын четке мунай, текстиль жана жумушчуларды экспорттоосуна жана башка киреше булактарына бөгөт коюлушу керек.

Пхеньянга каршы мындай жаза анын ушул дем алыш күндөрдөгү өзөктүк сыноосуна жооп чара катары сунушталууда.

Санкция долбоорунда Түндүк Кореянын улуттук Air Koryo авиакомпаниясынын активдерин тоңдуруу да сунушталган.

Бул авиакомпания Кытайдын борбору Бээжин баш болгон бир катар шаарларына, Орусиянын Владивостогуна учат.

Москва менен Бээжин да Түндүк Кореянын акыркы өзөктүк сыноосун айыпташты.

Кытай катаал санкцияларды колдоор-колдобосу азырынча белгисиз. Ал эми орус президенти Путин кечээ Пхеньянды “бурчка такоодон” майнап чыкпасын айтып чыккан. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG