Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Германия жана Франция Орусиянын ири аскерий машыгуусун сындады


Украина "Батыш -2017Э машыгуусун утурлай Беларус менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү.
Украина "Батыш -2017Э машыгуусун утурлай Беларус менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү.

Мындай билдирүүлөр бүгүн эки өлкөнүн коргоо министрлери тараптан жасалды.

Француз коргоо министри Флоренс Пэрли бүгүн Таллиндеги басма сөз жыйында Орусиянын ушул айдагы ири аскерий машыгуусун “коркутуу стратегиясын” көрсөтүү катары сыпаттады.

Ал эми Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен “бул орусиялыктардын кубатын жана күчүн көргөзүү экени талашсыз” деп белгиледи.

Эстония борборунда бүгүн ЕБдин коргоо министрлеринин жыйыны өтүп жатат.

14-20-сентябрга пландалган “Батыш-2017” машыгуусу Орусиянын Батыш аскерий округу менен бирге НАТОнун үч мамлекети менен чектешкен Беларустун аймагын да камтыйт. Ага 12 700 аскер гана катышат деп айтылганы менен НАТО өлкөлөрүнүн аскерий өкүлдөрү ага 100 миңдей аскер тартылат деп болжолдошууда.

НАТО баш катчысы буга чейин Москваны аскерий машыгууларда ачыктыкты жана эл аралык келишимдерди сактоого чакырган.

ЕККУнун Вена документи деген келишимдин шарттарына ылайык, эгер аскерий машыгууга 13 миңден ашуун жоокер тартылса, башка өлкөлөргө күн мурунтан кабар берилип, машыгуунун өзү чет элдик байкоочулар үчүн ачык болушу керек.

НАТО Орусиянын бул машыгуусуна болгону үч байкоочу жиберүүгө уруксат берилгенин айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG