4-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 56 жаштагы Пулат Бабажановду ички иштер министри кылып дайындады. Ушуну менен өлкөдө жыл башынан бери үчүнчү ички иштер министри алмашууда.
Өзбек өкмөтүндөгү аткаминерлердин биринин айтымында, Пулат Бабажанов прокуратура кызматкерлеринин арасында «кепке келбес немис» жана «сатылбас орус» деген каймана ат менен белгилүү.
Пулат Бабажанов Хорезм облусундагы Багат районунун таасирдүү жетекчилеринин бири, Раззак Бабажановдун үй-бүлөсүндө 1961-жылы туулган. Апасы райондун аткаруу комитетинин төрайымы, атасы партиялык жетекчи болгон.
Багат районунун улгайып калган жашоочулары Пулат Бабажанов окуучу кезинде райондук китепканадагы бардык китептерди окуп чыкканын айтып келишет.