Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Кубаты 5-даражага жеткен Ирма бороону 7-сентябрда Кариб аралдарына жетип, 11 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү расмийлер маалымдашты.

Кызыл чырым комитети бир миллиондой ашуун адам жабыркаганын билдирди. Бороон эми АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды.

Ылдамдыгы саатына 290 чакырымга жеткен шамал аралашкан бороон өз жолунда үйлөрдү учуруп, бак-дарактарды кулатууда.

Ураган Доминикан республикасын, Гаити жана Кубаны аралаганда күчүн бир аз жоготкондой болду. Ошентсе да Кошмо Штаттардын Улуттук Ураган борбору бул бороонго Саффир-Симпсон шкаласы боюнча бешинчи даражаны ыйгарышты. Бул “кыйратуучу потенциалы бар” эң жогорку даража деп саналат. Ирманы акыркы он жылда Атлантикада катталган эң күчтүү бороон деп аташууда.

Ирма бороону Флорида штатына 9-сентябрда жетери күтүлүүдө. Жээкке жакын аймактарда жашагандар миңдеген тургундар үй-жайларын таштап кетип жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп калкты "сак" болууга чакырды. Ошондой эле бийлик Жоржиа штатындагы океан жээгинде жашагандарды коопсуз жайларга көчүрүүнү тапшырды.

Өткөн аптада эле АКШнын Техас штатынын бөлүктөрүнө Харви бороону сокку уруп, АКШ Конгресси 6-сентябрда анын кесепеттерин жоюуга 7,9 миллиард доллар бөлгөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG