Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Мурдагы командир Косовонун өкмөт башчылыгына көрсөтүлдү


"Косовонун келечеги үчүн альянс" деп аталган кыймылдын башчысы, косоволук албандардын мурдагы талаа командири Рамуш Харадинай.
"Косовонун келечеги үчүн альянс" деп аталган кыймылдын башчысы, косоволук албандардын мурдагы талаа командири Рамуш Харадинай.

Косовонун президенти Хашим Тачи косоволук албандардын мурдагы талаа командири Рамуш Харадинайды өкмөт башчылыкка көрсөтүп, ага министрлер кабинетин түзүүнү тапшырды. Эми Харадинайдын талапкерлигин жана жаңы өкмөттүн курамын парламент жактырышы зарыл.

Харадинайдын "Косовонун келечеги үчүн альянс" деп аталган кыймылы президент Тачинин Демократиялык партиясы менен биргеликте 4-сентябрда парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн.

Мындай жол менен Косово 11-июндагы парламенттик шайлоодон кийин жаралган саясий кризистен чыгуу аракетин көрүүдө. Анда бир да партия көпчүлүк орунга ээ болгон эмес.

Рамуш Харадинай Эл аралык трибунал тарабынан Косово сербдерин өлтүргөнү үчүн эки жолу айыпталып, экөөндө тең акталып чыккан. Сербия ушул күнгө чейин анын экстрадицияланышын талап кылып келет. Сербиянын өтүнүчү менен Харадинай 2017-жылдын башында камакка алынып, бирок француз соту аны экстрадициялоодон баш тарткан.

2008-жылы Косово автоном облусу Сербиянын курамынан чыгып, төбөлсүздүгү тууралуу жарыялаган. Эки миллиондой калкы бар жаңы мамлекетти Улуттар Уюмуна мүчө 110 өлкө тааныган. Сербия менен Орусия ушул күнгө чейин Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай келишет.

XS
SM
MD
LG