Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:53

Премьер-министр Сапар Исаков патрулдук милициянын коштоосунан баш тартканын “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда билдирди.

“Мен ГАИден баш тарта алдым. ГАИнин коштоосу жок жүрүш керек деп балдарды көндүрдүм. Себеби мен кортеждер өткөндө жол тыгын пайда болорун билем. Ал убакытта баары жумушка кетип жаткан учур. Эмне болорун элестетип көрүңүз”, - деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы жаңы куралган өкмөттүн дымагы, программасы, Кыргызстанда ГЭСтерди кургусу келген орусиялык “Русгидро”, чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен өкмөттүн мамилеси, сөз эркиндиги тууралуу суроолорго жооп берди.

Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп чыкканына байланыштуу анын ордуна мурда президенттик аппаратты башкарып турган Сапар Исаков келди. Исаковдун өкмөтү Жогорку Кеңеште 7-сентябрда ант берди. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG