Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

БШК Кара-Суу шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын бекитти


Иллюстрация
Иллюстрация

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентярдагы жыйынында Ош облусундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Шайлоого катышуу үчүн каттоого жана шайлоо бюллетенине “Республика”, “Кыргызстан”, “Мамлекеттин биримдиги жана Мекенчил” “Бир бол”, “Мекеним Кыргызстан”, Өнүгүү-Прогресс”, Кыргызстан социал-демократиялык саясий партиялары киргизилген. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык чекти 3 саясий партия өткөн.

БШКнын маалыматына караганда, Кара-Суудагы жарышта 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыккан. Андан кийин 752 добуш менен "Мекеним Кыргызстан", 573 добуш менен "Кыргызстан" саясий партиясы турат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 344, "Республика" 306, "Бир бол" 13 добушка ээ болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, добуш берүү, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоо мыйзамдуулугун бузуу боюнча арыз жана даттануулар түшкөн эмес.

Буга чейин 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болгонун кабарлашкан. Алардын айтымында, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет жасаган. Мындан сыркары бир шайлоо бөлүмүнүн төрайымы жалаң КСДП партиясына добуш берген жыйырмадан ашык бюллетенди ачык көтөрүп жүргөнү андагы шайлоонун тазалыгынан шек жаратканы айтылган болчу.

Бул окуяга байланыштуу БШК чырды иликтөө боюнча Ички иштер министрлигине кат жолдогон. Ал эми БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана БШКнын райондогу өкүлүнө мыйзам бузууларды иликтеп, чара көрүүнү талап кылган кат менен кайрылган болчу.

XS
SM
MD
LG