Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:05

Трамптын качкындар боюнча жарлыгынын аткарылуусуна уруксат берилди


АКШнын Жогорку сотунун имараты. 26-июнь, 2017-жыл.

Жогорку соттун судьялары АКШнын Юстиция министрлигинин буга чейинки сот чечимдерине каршы берилген федералдык апелляцияны тосмолоо тууралуу өтүнүчүн орундатты. Юстиция министрлигинин эсебинде, эгер ал апелляциялар канааттандырылса, АКШга дагы 24 миңдей качкындын кирүүсүнө жол ачылмак.

Жогорку соттун чечими президент Дональд Трамп бул маселеде жарым-жартылай жеңишке жетишти дегенди билдирет.

Учурда Жогорку сотто президенттин алты мусулман өлкөсүнөн качкындар менен жарандардын АКШга келүүсүнө убактылуу тыюу салууну караган жарлыгынын Конституцияга шайкештигин кароого даярданууда. Жараян 10-октябрда башталат.

Президент Трамптын 6-марттагы жарлыгы менен АКШга качкындардын келүүсү 120 күнгө, Ливия, Сомали, Судан, Сирия, Йемен, Ирандын жарандарына виза берүү 90 күнгө токтотулган. АКШ администрациясы муну террордук чабуулдарды алдын алуу жана текшерүүнүн жаңы күчөтүлгөн эрежелерин иштеп чыгуу үчүн убакыт зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Жогорку сот президент жарлыгына каршы төмөнкү баскычтагы соттордун чечимдери аткарылуусун чектеген соң ал быйыл июнь айынын соңунан тарта гана күчүнө кирген.

Өткөн аптада болсо апелляциялык сот президент Трамптын качкындар боюнча жарлыгы абдан кеңири жана АКШдан расмий сунуш алган качкындардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилиши керек деген бүтүм чыгарган болчу. АКШнын Юстиция министрлиги Жогорку сотко мына ушул чечимге каршы аппеляция берген. (UE)

XS
SM
MD
LG