Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Сирия оппозициясынын делегациясы Астана сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасында. 5-июль, 2017-жыл.
Сирия оппозициясынын делегациясы Астана сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасында. 5-июль, 2017-жыл.

Казакстандын борбору Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы бүгүн башталып, 15-сентябрда аяктайт.

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катыша турган делегациялардын өкүлдөрү Казакстанга келе башташты.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, БУУнун Сириядагы өкүлү Башар Жафари башында турган Сириянын өкмөттүк делегациясы келди. Учурда куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн келиши күтүлүп жатат.

Казакстандык маалымат агенттиктери жазып чыккандай, сүйлөшүүлөрдө Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук зонасын түзүү талкууланат.

Идлиб - Сириянын азыр да президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулар колунда турган аймагы.

XS
SM
MD
LG