Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:10

Сузак: Төрөбаевдин жарнагы боюнча айыл өкмөт башчы түшүндүрмө берди


Бакыт Төрөбаев

Сузакта айыл өкмөт башчысы президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин жарнагы боюнча прокуратурага түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Жалал-Абаддын Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Аширбек Матиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кара-Дарыя айылында Төрөбаевдин жарнагы жулунуп, талапкердин штабын айыл өкмөт башчысы алдырды деген маалыматты прокуратура тактоодо. Аширбек Матиев 14-сентябрда Сузак райондук прокуратурасына келип түшүндүрмө берип, ага тиешеси жок экендигин билдирген. Ошол эле учурда айыл өкмөт башчысы бардык талапкерлерге үгүт маалында бирдей шарт жаратып берип жатканын кошумчалаган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин баннерлерин чечкиле деп буйрук берген, Кара-Көл шаарында Төрөбаевдин штабын уюштурууга жергиликтүү бийлик бут тосуп жатат деп айткан.

Кара-Көл шаарынын 1-вице мэри Калыбай Өскөн уулу депутаттын сөзүн төгүндөп, жергиликтүү бийлик “Өнүгүү-Прогресс” партиясы кайсыл жерге штаб уюштуруп жатканы тууралуу кабары да жок экендигин "Азаттыкка" билдирди. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG