Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Өкмөттүн жана мекемелердин шайлоодогу милдеттери бөлүштүрүлдү


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-сентябрь, 2017-жыл

Коопсуздук кеңешинин "Кыргызстандын президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине президент Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда кол койду. Расмий маалыматка ылайык, бул чечим Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрда мамлекет башчынын төрагалыгы алдында өткөн жыйынында кабыл алынган.

Ага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун ачык-айкындыгын камсыз кылууга тийиш. Добуш берүүгө мажбурлап катыштыруу же катыштырбоо максатында жарандарга таасир этүүнү же алардын өз оюн эркин билдирүүсүнө тоскоолдуктарды жоюуга милдеттендирилген.

Өкмөт жергиликтүү бийликтердин үгүткө кийлигишүүсүнө, шайлоо өнөктүгүндө мамлекеттик кызматкерлердин эмгегин пайдалануу сыяктуу өнөкөттөргө тыюу салууга милдеттендирилди. Мындан тышкары өкмөттүн милдетине шайлоо учурунда энергия жана байланышты үзгүлтүксүз камсыздоо, каржылоону жана чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын уюштуруу иштери да кирет.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын тизмесин сапаттуу жана толук түзүүгө, шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жоюп, автоматташтырылган маалымат системасынын ишенимдүү иштөөсүн жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылат.

Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүнүн мыйзамдуулугуна көз салат. Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке жана коомдук коопсуздукту карайт. Анын ичинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо, аны уюштурган, жүргүзгөн адамдарды жоопкерчиликке тартуу милдети да бар.

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен чогуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу же шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максаттарын көздөгөн адамдардын өлкөгө киргизбей, көзөмөлдү күчөтөт.

Ал эми Жогорку сот шайлоого байланыштуу арыз-даттанууларды ыкчам кароону белгиленген тартипте камсыз кылат.

Чечимдин аткарылышын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы көзөмөлдөйт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG