Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:57

Прокуратура: Милициянын айынан эки адам жол кырсыгынан өлдү


Кырсыкка кабылган мотоцикл

Мушкер Орзубек Назаровдун кызы жабыркаган жол кырсыгына байланыштуу Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Шаардык прокуратура козгогон кылмыш иште патрулдук милиция өкүлдөрү кызматын өтөө маршрутунан чыгып кеткени, мотоциклди мыйзамсыз кубалаганы жана ошонун айынан жол кырсыгы болгону айтылат.

Окуя 19-августка караган түнү Бишкекте болгон. Мушкердин 17 жаштагы кызы Аделина мотоциклде айдоочунун артында учкашып бараткан. Катуу ылдамдыкта бараткан мотоцикл алдынан чыккан жеңил машинени капталынан сүзгөн. Мотоциклдин айдоочусу ошол жерден жан берип, анын соккусуна кабылган автомашинанын 23 жаштагы жүргүнчүсү, Маматжусуп аттуу бала ооруканадан көз жумган. Кыз оор абалда ооруканага түшкөн жана эсине келе албай жатып кийин жакшы болгон.

Өзүн Гүлбарчын деп тааныштырган кыз Маматжусуптун тууганы экенин айтып, “Күбөлөрдүн айтымында, мотоциклди патрулдук милиция кубалаган. Аны жашырып жатышат. Мотоцикл машинаны сүзгөндө эки секундага жетпей артынан патрулдук милиция келип, токтоп, “мигалкасын” өчүрүп, Чүй көчөсү менен аянт жакты көздөй кетип калыптыр” деп "Азаттыкка" билдирген болчу.

Бирок милиция өкүлдөрү патрулдун кызматкерлери мотоциклди кубалаган эмес деп билдирген.

Назаров жеңил салмактагы боксчулар арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG