Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:30

Айданек Текебаева: Атам күнөөсүз экенин баарына далилдеп берет


Өмүрбек Текебаев кызы Айданек менен

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу жана маанайы мыкты. Бул тууралуу анын кызы Айданек бүгүн атасы менен абакта жолугуп чыккандан кийин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

“Мынакей, атам менен жолуктум. Аны колдогондорго, ишенгендерге ыраазылыгын билдирип жатат. Ал жакында сөзсүз абактан чыгып, күнөөлүү эмес экенин баарына далилдеп берет” дейт Айданек Текебаева.

Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп, өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Учурда алардын иши шаардык инстанцияда каралып жатат.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген.

Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат. Ал эми Башкы прокуратура куугунтук жок экенин белгилеген.

Текебаев менен Чотонов февраль айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин Айданек Текебаевага атасы менен жолугууга сот уруксат бербей жатканы интернетте кызуу талкууга түшкөн.

Ал жакында Кытайга окуусун улантканы кетип жатканы, Бишкекке эми келерки жылдын февралында келери кабарланган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG