Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Таласта күч кызматкерлерине алгачкы кызматтык турак жай берилди


Таластагы милиция кызматкерлерине салынган алгачкы үй
Таластагы милиция кызматкерлерине салынган алгачкы үй

Таласта ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн эки батирлүү турак жайдын курулушу аяктап, бүгүн пайдаланууга берилди.

Буга байланышкан салтанаттуу иш-чарага облус жетекчилиги менен тартип коргоо органдарынын жетекчилиги толугу менен катышты.

Курулуш быйыл 26-апрелде башталган. Жалпысынан 3 миллион 30 миң сомдон ашык каражат жумшалганы маалым болду.

Үйдүн ачкычтары Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Анзор Хасанов менен тез чара көрүүчү атайын отряддын командири, милициянын ага лейтенанты Нурлан Ташматовго тапшырылды.

Таластагы милиция кызматкерлери Кыргызстан эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кызматтык турак жай менен камсыз болду. (AlS)

XS
SM
MD
LG