Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:48

Ашхабадда V Азия оюндары ачылууда


Азия оюндары учурундагы түркмөн балбандары
Азия оюндары учурундагы түркмөн балбандары

17-сентябрда Ашхабадда V Азия оюндары салтанатуу ачылууда.

Ага Армения, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан президенттери жана башка өлкөлөрдүн премьер-министр баштаган расмий делегациялары келишкен. Кыргызстандын президенти ага барган жок.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Азиадага 62 өлкөдөн 5500 чамалуу спортчу жана атайын түзүлгөн качкындар командасы катышууда. Алар 21 спорттун түрүнөн, анын ичинде теннис, жиу-житсу, велоспорт, оор атлетика жана таэквондо боюнча таймашат.

Газ ресурсуна бай Түркмөнстан Азия оюндарына узак убакыт даярданды, 2,2 млрд долларга аэропорт курулду. Ал эми ордо калаанын четиндеги 150 гектар жерге олимпиадалык комплекс, андан тышкары көптөгөн спорттук жайлар, 45 миң кишилик олимпиадалык стадион салынган.

Экономикалык кризиске карабай, түрдүү эсеп боюнча бул иш-чарага 10-15 млрд доллар коротулган.

Демейде чет элдик туристтер үчүн жабык Түркмөнстан Азиада үчүн чек арасын ачып, оң миңдеген чет элдиктер келет деп болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG