Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Шайлоо - 2017: Бабанов менен Төрөбаев тандем түздү


Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов.
Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев менен дагы бир талапкер, "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов шайлоодо бир тандемге биригишкенин 17-сентябрда Жалал-Абадда эл менен жолугушуу учурунда жарыялашты.

Төрөбаев саясий тандем боюнча президенттик шайлоодо Бабановду колдоорун расмий билдирди. Алар түзгөн макулдашууга ылайык, Өмүрбек Бабанов президент болуп шайланса, Бакыт Төрөбаев премьер-министр болмокчу. Саясатчылар менен жолугушууга келгендер арасында тандемди кубаттагандар да, жактырбагандар да бар.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев өзүнүкү менен Бабановдун программалары жана идеялары окшош болгондуктан биригүү чечимине келип, Бабановдун саясий тандем түзүү сунушун кабыл алганын баса белгиледи:

- Биз президенттикке эки талапкер болуп чыктык жана эки саясий күч болуп келе жатабыз. Биздин Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү боюнча саясий программаларыбыз окшош. Эң негизгиси биз реформалар жасалышын, кадрдык саясатта, сот тутумунда жана элдин өзүндө өзгөрүү болуусун тилейбиз. Учурда коррупция күндөн-күнгө өсүп, кадр саясатында башаламандык болууда. Булардын баарына менин ичим ачышып жатат. Биздин Кыргызстаныбыз баткакка батып баратат. Биздин максаттарыбыз көп жагынан окшош жана жакын экен.

Саясий тандем түзүү учуру.
Саясий тандем түзүү учуру.

Ал эми Өмүрбек Бабанов Төрөбаев менен биригүүнү эки чоң саясий күчтүн биригиши катары баалады.

- Биз Бакыт Төрөбаев менен бирге “Республика” партиясын түптөгөнбүз. Биз жана биздин партиялар биригип сүйлөштүк, жалпы өлкөнүн аксакалдары салымын кошуп, биригүүгө жол байладык. Ошондуктан эки чоң саясий күч биригип жатат. Биздин колдоочулар да бирикти. Ошондуктан Бакыт Төрөбаевди премьер- министр кылабыз десеңер шайлоодо мага добуш бергиле, – деп чакырган Бабанов учурда бийлик тарабынан административдик ресурс колдонулуп, дарыгерлер менен мечиттеги молдолор да шайлоого аралашып жатат деп белгилеп, мамлекеттик кызматкерлерди ага жол бербөөгө чакырды.

Эки саясатчынын саясий тандемге кол коюу окуясына арналган жыйын Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда өттү. Уюштуруучулар ага болжол менен беш миңдей адам катышты деп белгилешти. Алардын баары Бабанов менен Төрөбаевдин трибунада туруп саясий тандемге кол коюшканына күбө болушту.

Жолугушууга келгендер арасында Төрөбаевдин буга чейин Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев менен төртилтик түзүү аракети талкууланбай койгон жок.

Төрөбаев өзү да төртилтик түзүүгө аракет кылгандыгын, бирок ал акырына чыкпай калганын моюнга алды. Биригүү сунушу бийликчил күчтөрдөн да түшкөнүн, бирок Бабанов менен чогуу баруу жолун тандагандыгын кошумчалады:

- Мен буга чейин кыргыздын патриот төрт чыгаан уулу менен сүйлөшүүгө барып, бириктирүүгө аракет кылдым. Азыр алар өз позициялары менен калды. Биригүүбүз аягына чейин чыккан жок. Бийликтен биригүүгө ишарат берди жана мен ага барбадым. Эл тарапта калдым жана силер тарапта болом. Биз бийликтин катасын кайталабайбыз. Биз башка багыт менен иш алып барабыз. Учурда бийлик элди коркутуп, ар кандай ыплас иштер менен бара жатат. Биз силерге сөз беребиз, аларга татыктуу атаандаш болобуз. Бабанов мага саясий тандем түзүүнү сунуштады. Мен ушул трибунадан саясий тандемге макул экенимди жарыя кылам. Бүгүнтөн баштап биздин жалпы урааныбыз: Бабанов - президент, Төрөбаев премьер - министр.

Саясий тандем түзүү учуру.
Саясий тандем түзүү учуру.

Мамлекет башчылыкка аттанган эки саясатчынын бир жолго түшкөнүн эл ар кандай баалап жатат. Бири кубаттаса, дагы биринде андан майнап чыгаарына ишеним аз:

- Биригүү бул туура кадам. Бакыт Төрөбаев президенттик жарышка өз алдынча барса болмок, бирок ар жактан кысып, саясий оюндар болуп кетти. Мурда башкалар менен биригип, ыдырап, эми өзүнүн жолун таап, бирикти деп ойлойм.

- Мен Төрөбаевдин жарыштан өзүн алып койгонуна чынында капа болуп жатам. Бул лидер саясатчылардын бири, өзү катышса да болмок. Эмнеге алып койду деп биз өзүбүзчө таң калып жатабыз. Биригип эле кайра ажырашып кетип жатпайбы, “Ата Журт” менен да кезегинде биригип, азыр таркап кетти. Бул да ошондой биригүү болот го, менимче.

- Бабанов менен баргандын келечеги жок. Мен буга толук ишенем.

Ал эми буга чейин - 16-сентябрда Өзгөн шаарында өткөн шайлоочулар менен жолугушууда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров төрт талапкер: Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Бабанов Төрөбаев тандеминен кийин ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгы кандай болоору азырынча белгисиз.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага расмий талапкер болгондордун саны 13 адам болчу. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG