Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:44

Депутат Канатбек Исаевдин сотунда күбөлөр суралууда


Канатбек Исаев.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда парламент депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевдин соту уланууда. Аталган фракциядан билдиришкендей, жараянда күбөлөр суралып жатат.

Быйыл май айында УКМК Канат Исаевге 2008-2010-жылдары Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча эки айып таккан. Ал Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда.

Депутат муну четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген.

30-июнда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия Исаевге кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG