Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Нью-Йоркто Кыргызстан-АКШ бизнес кызматташтыгы талкууланат


Нью-Йоркто Кыргызстан менен АКШ ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация Citi, Visa, Baker McKenzie, GeneralElectric, Microsoft, JohnDeere, Oppenheimer&Co, AGCOCorporation, APAICS, CalatravaGrace, USEXIMBank, Mirae Asset Global Investments компанияларынын өкүлдөрү менен жолугат.

Быйыл июль айында Бишкекте кыргыз-америкалык бизнес форуму өткөн болчу. Анда былтыр Кыргызстан менен АКШ ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 154 миллион долларды түзүп, мурдагы жылдарга караганда 31 миллион долларга көбөйгөнү айтылган.

Кыргыз тараптын белгилешинче, акыркы жылдары Кошмо Штаттардан келген инвестициянын көлөмү өсүп жатат. Каражат финансылык тармакка, транспорт, байланыш жана мейманкана жаатына келүүдө.

Президент Атамбаев 18-24-сентябрда АКШда жумуш сапарда болот, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG