Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Текебаев менен Чотоновдун соту уланат


Бүгүн Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун ишин кароону улантат. Партиянын юристи Канатбек Азиздин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, сотто ишти териштирүү улантылат.

Өткөн соттук отурумда орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин тергөөдө жана сотто берген көрсөтмөсү окулган. Адвокаттар Маевскийдин көрсөтмөлөрүндөгү дал келбөөчүлүктөрдү белгилеп, соттон анын кошумча көрсөтмөсүн да окуусун талап кылышты. Сот андан баш тартып, дал келбөөчүлүктөр тууралуу жарыш сөздө айтыларын билдирген.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары да аталган инстанцияга доо арыз беришкен.

Текебаев менен Чотонов быйыл 26-февралда кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурушат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG