Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:22

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы БШК чечимдеринин мыйзамдуулугун талкуулайт


Өткөн жумада түзүлгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы бүгүн, 19-сентябрда алгачкы жыйынга чогулат. Анда эки маселе: Борбордук шайлоо комиссиясынын маанилүү чечимдери жана алардын мыйзамдуулугу, талапкерлерге түзүлгөн шарттар талкууланат. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Анын айтымында, айтылган эки тема боюнча БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев менен жарандык активист Нурбек Токтакунов баяндама жасайт. Жыйынга БШК, өкмөт өкүлдөрү дагы чакырылган.

Алдыдагы президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга, бийликти тынч өткөрүп берүү салтын бекемдөөгө, шайлоо өнөктүгү жана анын жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде өлкөдө туруктуулукту жана биримдикти сактоого кол кабыш кылуу максатында кыймыл түзүү боюнча меморандум 12-сентябрда кабыл алынган.

Ал алгач "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталып, талкуулардан кийин “Акыйкат шайлоо үчүн” деп өзгөртүлдү.

Меморандумга экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кол коюшкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, талапкерлердин саны 13 адам. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG