Индонезия полициясы президентке кол салууну алдын алды. Өлкөнүн Батыш Ява провинциясынан президент Жоко Видодого кол салууга даярдык көрүп жаткан деген шек менен 31 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу 19-сентябрда "Стрейтс таймс" гезити жазды.
Маалыматка караганда, шектүү жаран Сиребон шаарындагы тик учак кончу аэропорттон алыс эмес жерде колго түшкөн. Андан беш бөтөлкө атайын даярдалган күйүүчү май алынган.
19-сентябрда президенттин ушул аймакка барары күтүлүп жатканы айтылат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал адам “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кирген жергиликтүү экстремисттик агымдардын бирине мүчө экени аныкталган.