Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:15

Ош милициясынын бөлүм башчылары алмашты


Ош шаардык милиция кызматкерлери митингдердин биринде. Иллюстрация

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришинче, шаар милициясынын Ак-Буура бөлүмүнүн башчылык кызматына Таалайбек Нурбаев дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеп келген.

Ал эми Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысы болуп Азиз Ташболотов дайындалды. Ташболотов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүн башкарчып турган.

Ушул эле 10-бөлүмгө кайра Ак-Буура бөлүмүнүн мурдагы башчысы Медер Абдылдакунов дайындалды. Сулайман-Тоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сактан Исмаиловдин иши учурда кадр башкармалыгында турат.

Бул кызмат алмашуулар Ички иштер министрлигинин ротация планынын негизинде ишке ашырылып жатканы айтылды.

Ош шаарынын милиция тармагы дарыянын эки жээги тарабына карай эки бөлүмдөн турат жана бири Ак-Буура, экинчиси Сулайман-Тоо бөлүмү деп аталат. Бөлүмдөрдүн буга чейинки жетекчилери Ош шаардык милициясынын башчысы Кылыч Жолдошевдин өкүл балдары экени сынга алынып келчү. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG