Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:57

Франция президенти Эммануэль Макрон Иран боюнча өзөктүк келишимдин шарттарын анын мөөнөтү аяктагандан кийин, 2025-жылы кайра карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал 18-сентябрда БУУ кеңсесинде АКШ жана Иран президенттерине жолугушканда билдирген.

Француз тышкы иштер министри Жак-Ив Ле Дриандын белгилешинче, Макрон муну менен Трампты аталган макулдашууда кала берүүгө көндүрүүнү көздөйт. Анткени келишимден чыгуу Жакынкы Чыгышта өзөктүк жарыша куралдануунун кайра жанданышына алып келет деп эсептейт.

Кошмо Штаттары макулдашуунун духун сактабай жатат деп Иранды айыптап келет.

2015-жылы дүйнөлүк кубаттуу алты мамлекет, анын ичинде Франция жетишкен мунасага ылайык, Иран өзөктүк программасын кыскартат. Ал эми Батыш бул үчүн Тегеранга салынган санкцияларды жоет.

XS
SM
MD
LG