Линктер

шейшемби, 23-январь, 2018 Бишкек убактысы 07:39

Түркмөнстанда бел боо күрөшүнөн кыргыз балбандары беш коло утту


Кыргызстандын спортчулары жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарынын ачылыш аземинде. 17-сентябрь, 2017-ж. Ашхабад.

Ушул күндөрү Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бүгүн 19-сентябрда бел боо күрөшүнүн эркин стилинен Кыргызстандын балбандары беш коло медалга ээ болушту.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак коло байгелерди Ильяз Нишанов (+100 кг), Кадыр Келсинбеков (-100 кг), Назира Арзыбекова (+70 кг), Анара Рыскулова (-55 кг) жана Уулкан Алибай кызы (-65 кг) алды.

Андан сыркары Руслан Табалдиев (-80 кг) жана Алтынай Мамарасул кызы (+70 кг) финалда алтын байге үчүн таймашка чыгышат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.

Бел боо күрөшүнөн медал алган балбандардын байгелерин кошкондо ушул учурда Кыргызстандын эсебине 13 медал чогулду. Азырынча медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 10-катарда бара жатат. Буга чейин кыргызстандык спортчулар жиу-житсу жана түркмөн күрөшүнөн бир алтын, үч күмүш жана төрт коло медал тагынышкан.

17-сентябрда башталган жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрга чейин уланат. Ага 62 өлкөдөн жана качкындар командасынан спортчулар катышууда. Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу мелдештерге катышат. (ECh).

XS
SM
MD
LG