Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Бишкекте туура эмес жерге токтогон унаалардын дөңгөлөгү блоктолот


Бүгүнтөн баштап туура эмес жерге токтотулган унаалардын дөңгөлөгүнө “блокиратор” тагыла баштайт. Патрулдук милиция ушул күндөн тарта 10 блоктоо каражатын сынап көрө турганын буга чейин кабарлаган.

Эгер айдоочу блокту өзү чечип же ошол бойдон айдап кетүүгө аракет кылса, дөңгөлөгү жарыла турганы эскертилген. Блоктоочу каражаттар айып пул төлөнгөн соң гана чечилип алынат.

Буга чейин Патрулдук милиция жол боюнда туура эмес жерге токтогон унааларды эвакуатор менен айып төлөөчү жайга алып кете баштаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG