Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Саляновага соттогу акыркы сөзгө даярданууга эки күн берилди


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, соттогу акыркы сөзгө даярданууга эки күн убакыт берди. Кийинки сот отуруму 22-сентябрга белгиленди.

Сотто териштирүү аяктап, тараптарга акыркы сөз берилүүдө.

Бүгүн Башкы прокуратура Салянованы сегиз жыл эркинен ажыратууну соттон суранды.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган, муну ал саясий куугунтук деп атоодо.(RK)

XS
SM
MD
LG