Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Испан полициясы Каталониянын аткаминерлерин камакка алды


Каталония Испаниядагы бай аймактардын бири. Чөлкөмдүн өз полициясы, тили бар.
Каталония Испаниядагы бай аймактардын бири. Чөлкөмдүн өз полициясы, тили бар.

Испания полициясы Каталония өкмөтүнүн 13 мүчөсүн камакка алды. Алар Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдумга даярдык көрүп жатышканы үчүн камакка алынышканы маалым болду. 1 -октябрга белгиленген референдумду Мадрид мыйзамсыз деп атап келет.

Аткаминерлердин камалышы Барселонада нааразылык акциялардын тутанышына алып келди. Жүздөгөн адамдар шаар көчөлөрүнө чыгып, "Эгемендик", "Биз баары бир добуш беребиз" деп кыйкырып жатышты.

Камакка алынгандардын арасында Каталониянын вице-президентинин орун басары Ориол Жункерас жана экономика маселелери боюнча башкы катчы Хосеп Мария Юве да бар.

Испания өкмөтү буга чейин да референдумга даярдык көргөн мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Полиция атайын операциянын алкагында 22 кеңседе тинтүү иштери жүргөнүн маалымдады.

Чөлкөмдүн төбөлсүздүгүн жактаган партиялар басымдуулук кылган Каталония парламенти, эгер жергиликтүүлөр өз добушун берсе, аймакты Испаниядан бөлүнүүсүн шарттаган мыйзамды сентябрдын башында кабыл алышкан.

Соңку сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, каталониялыктардын жарымы өз алдынчалыкты колдошкону менен, теңи каршы чыгышты.

XS
SM
MD
LG