Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:58

Орус прокурорлору Крым татарларынын активистине 3,5 жыл сурашты


Крым татарларынын активисти Ильми Умеров.

Орусия аннексиялап алган Крым аймагындагы орус прокуратурасынын өкүлү Крым татарларынын Межлисинин төрага орун басары Ильми Умеровду үч жарым жылга шарттуу эркинен ажыратууну суранды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Крым кызматы маалымдагандай, прокурорлор ошондой эле Умеровго үч жыл сыноо мөөнөтүн сурашып, бул убакыт ичинде ага коомдук жана окутуучулук ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салууну сурашты.

59 жаштагы Умеров Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасаган деп айыпталууда. Кылмыш ишинин козголушуна телеберүүлөрдүн биринде активисттин "Орусияны Крым менен Донбасстан кетүүгө аргасыз кылышыбыз" керек деген сөздөрү түрткү болгон.

Умеров өзү ага тагылган айыптарды четке кагып келет.

Украинага караштуу Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин орус бийликтери Крым татарларынын Межлисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Крым татарларынын активисттери болсо куугунтукка кабылып, үйлөрү жана кеңселери тинтүүгө алынган.

2017-жылдын апрелинде Гаагадагы Улуттар Уюмунун эл аралык соту Орусиядан крым татарларынын укуктарын сактоону талап кылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG