Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Москвада ондогон мигранттар кармалды


Тажик мигранты сабалды деген соода борбордун түндөгү көрүнүшү. 20-сентябрь, 2017-жыл.
Тажик мигранты сабалды деген соода борбордун түндөгү көрүнүшү. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Маалыматтарга караганда, ондогон мигранттар Москванын Тихорецк бульварындагы соода борборунун жанынан кармалган.

Алар бул жерге соода борбордун кароолчусу тажикстандык мигрантты сабап салгандан кийин чогулушкан.

Орусиянын Ички иштер министрлиги соода борбордун сакчылары менен ал жерде чогулган мигранттар ортосундагы мушташ алдын алынганын билдирүүдө.

КМШнын Мигранттар федерациясынын президенти Каромат Шариповдун “Интерфакс” агенттигине айтканына караганда, полиция бөлүмдөрүнө 250дөй мигрант жеткирилген, арасында жабыр тарткан тажикстандыктын туугандары да бар, ал өзү болсо мээси чайкалып, ооруканада жатат.

Ал эми “Дождь” телеканалы менен маегинде Шарипов кечээ Москванын Тихорецк бульварындагы соода борбордун сакчылары тажикстандык мигрантты сабашып, кездемеге ороп туруп, бул соода комплекстин сыртына таштап коюшкан.

Шариповдун ырастоосунда, чогулгандар бул окуя үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Бирок полиция аларды сабап, кармай баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG