Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:52

Ала-Бука: "Баймак" чек ара бекетинен күн сайын 500дөн ашуун киши өтүүдө


"Баймак" чек ара бекети. Ала-Бука району. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы эки күн мурда ачылган "Баймак" чек ара бекетинен күн сайын 500дөн ашык адам өтүүдө. Чек ара кызматынын маалыматында бекеттен жөө адамдар жана жеңил автоунаа менен өтүүгө уруксат берилген.

Оор жүк ташууга жана жөө кишилерге 5 килограммдан ашык жүк алып өтүүгө уруксат жок.

Бекет эртең мененки саат 08:00дөн кечки 18:00гө чейин иштеп жатат. Учурда да кезек күткөндөрдүн саны көп. Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусунун Касан-Сай району менен чектешет. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG