Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт


Дональд Трамп 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учур.
Дональд Трамп 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учур.

Жаңы санкциялар бүгүн жарыялана турганын президент Дональд Трамп кабарчыларга Нью-Йоркто Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эки күн мурда, 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда Трамп уюмдун мүчөлөрүн Түндүк Кореяга каршы катаал турумду карманууга чакырып, бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын кайра-кайра ракета атуу менен “жанкечтилик миссияны” аткарып жатканын белгилеген.

Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин 21-сентябрда Башкы ассамблеяда сүйлөгөн учурунда, Түндүк Корея кризиси “стабилдүүлүк” менен жөнгө салынуусу керектигин, санкциялар Пхеньянды сүйлөшүү столуна кайтаруу үчүн зарылдыгын, Сеул Түштүк Кореянын кыйрашын көздөбөй турганын айтты.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өзөктүк куралды жана баллистикалык ракеталарды сынаганына байланыштуу Түндүк Кореяга каршы буга чейин бир нече айлампа менен санкция киргизген.

Пхеньян болсо 18-сентябрда санкциялар жана кысым-басым алардын өзөктүк программасы күчөшүнө гана алып барарын эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG