Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Бишкекте мамлекеттик тил күнү белгиленет


Бүгүн Бишкекте Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты. Ага өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган тиешелүү өкмөт өкүлдөрү, тилчи, эксперттер катышат.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилген. Ал эми 2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган. Эне тил майрамынын урматына бардык аймактарда ар кандай иш-чаралар бир апта мурда эле башталган.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбековдун 14-сентябрда парламент отурумунда билдиргенине караганда, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бюджеттен 2015-2020-жылдары 500 млн сом бөлүнүп, анын 142 млн сому өздөштүрүлгөн. Эл өкүлү төрага Чыныбай Турсунбековдон бул акчанын изин иликтөө боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүнүп, буларды карабай туруп, кийинки жылдын 200 млн сомун бекитип бербөөнү сунуштады.

Айрым байкоочулар орус тилине расмий макам берилгенден кийин, кыргыз тилине кайдыгер мамиле күчөгөнүн айтып келишет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG